“Ахматбек Келдибеков боюнча дарыгерлердин сунуштарынын дээрлик баарына макул болуп жатабыз” деп билдирди парламенттин 17-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Аида Салянова. Анын билдиришинче, аталган депутат учурда ооруканада. Жыйында айрым депутаттар “Батукаевди дарыгерлердин корутундусу менен түрмөдөн бошоттуңар эле, Келдибековго да дарыгерлердин корутундусу чыкты, аны эмнеге бошотпой жатасыңар?” деп сурашты.
Башкы прокурор: “Дарыгерлердин айткандарына макул болуп эле жатабыз. Ден соолугу начарласа ооруканага, абалы түзүк болгондо кайра ордуна барууда”,- деп билдирди.