Ошто шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иш-чаралары уланууда

Бүгүн, 17-апрелде Ош мамлекеттик университетинде окутуучулардын, студенттердин катышуусундагы жалпы ишембилик уюштурулду. Алгач бардык университеттин факультеттеринде, коллеждеринде, лицейлеринде, жатаканаларында, имараттардын ичинде тазалоо иштери жүргүзүлдү. 

Ошондой эле Ош шаарынын көчөлөрүн, Навои атындагы эс алуу багында жайгашкан Ош шаардык жашылдандандыруу чарбасына тиешелүү жерлерди, Түштүк-Чыгыш кичи шаарчасындагы аймактарды, Ак-Буура дарыясынын жээктерин тазалоо ишке ашырылды. 

Ал эми табият таануу, география факультетинин окутуучулар жамааты жана студенттери тарабынан аталган факультеттин базасындагы ботаникалык бактан алынып келген 1000ге жакын бадал көчөтү Манас-Ата кичи шаарчасындагы эс алуу багына отургузулса, калганы аймактык кеңештеги 8  кварталдык комитетте жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн айланаларына отургузулду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан