Бишкек шаардык кеңешинде көпчүлүк коалициясын КСДП, "Замандаш-Современник" жана "Ата Мекен" партиялары түзүштү. Маалым болгондой, коалицияга 34 депутат кирген. Ал эми "Республика" партиясы оппозицияга кетти.
Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Алардын 21 мандаты КСДПга, 11 мандат "Республикага", 7 мандат "Ата Мекенге", 6 мандат "Замандаш-Современник" партиясына тийген.