Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн эки казак жараны кармалды 

Үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде Чүй чек ара кошуунунун жоопкерчилигиндеги тилкеде мамлекеттик чек араны бузган эки жаранды чек арачылар кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, кармалган жарандардын жанында өздүгүн тастыктаган документтер болгон эмес. Алар бир айдан бери Казакстан Республикасында мыйзамсыз иштеп жүрүшкөн Кыргыз Республикасынын жарандары экендиги белгилүү болду. Чек араны бузган жарандар Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Буга катар эле 2014-жылы 15-апрелде Чүй чек ара кошуунунун жоопкерчилигиндеги чек ара тилкесинде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын бузган Казакстандын эки жараны кармалган. Алар көзөмөл-өткөрүү жайынан тышкары жерден аттар менен Казакстандан Кыргызстанга өтүүгө аракет жасашкан.

Колго түшүрүлгөн Казакстандын жарандарынын жанында өздүгүн тастыктаган документтер жок экени аныкталып, алар Токмок шаардык УКМКга өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан