Башкы прокурор Аида Салянова парламенттин 17-апрелдеги жыйынында жарандарга кылмыш иштери кайсы партиянын өкүлү экенине карабай козголуп жатканын айтты. Айрым депутаттар “Ата Журт” партиясынын гана өкүлдөрүнө иш козголууда” деп прокуратураны айыпташты. Башкы прокурор буга макул эмес.
“Айтылган дооматтарга макул эмесмин. Уруксат берсеңер, бербесеңер да айтайын, “Республика” партиясынан депутаттар Элмурат Обдунов, Исхак Пирматов, Чаткал районунун акими, “Ата Журттан” Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Курманбек Осмонов, Нариман Түлеев бар. “Ата Мекенден” экс-министр Равшан Сабиров, Кара-Көл шаарынын мэри, КСДПдан Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркулов, Ысык-Көл облустук администрациясынын башчысынын орун басары жана башкалар. Кылмыш иштери партияларга карабай эле козголуп жатат”,- деп билдирди Салянова.