2014-жылдын биринчи кварталында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сүт, ун, кондитердик азыктарды жана спирт ичимдиктерин өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына шилтеме берүү менен Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ун азыктарын өндүрүүдө өсүш 12,9 пайызга барабар болгон. Ал эми сүт азыктары – 50,3 пайыз, спирт ичимдиктери – 2,7 пайыз, эт – 13,7 пайыз, нан бышыруу – 12,9 пайыз, кондитердик азыктар – 8,3 пайыз, кумшекер – 61,5 пайыз, жемиштер – 4,8 пайыз, макарон – 35,5 пайыз, сыра – 7 пайыз жана чайды өндүрүү 15 пайызга жогорулаган.
Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында азык-түлүктү өндүрүүдөгү өсүш 4 миллиард 499 миллион сомго барабар болуп, 2013-жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 8,6 пайызга өсүштү көргөздү.