Аида Салянова Башкы прокуратуранын жаңы имараты салынып жатканын айтты

Бишкекте Башкы прокуратуранын жаңы имараты курулуп жатат. Муну парламенттин 17-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Айтымында, прокуратура органдары бир жерге бириккени жатат.

“Азыр чачыранды болуп иштеп жатабыз, жумуштун талабына ылайык, биз бири-бирибизге жакын жерде болушубуз керек. Имараттын курулушу башталды. Ал имаратта стандартка жооп берген, өрттөнбөй турган архив болот. Акыркы жылдары 31 бала бакчаны мамлекетке кайтарып алдык, бирок прокуратура өзү 3 бала бакчанын имаратында отурат. Ушул маселени чечишибиз керек”,- деди Салянова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан