Бабур атындагы Ош академиялык музыкалык драма театры 14-18-апрелде Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтчү эл аралык театр фестивалында “Ханышанын көз жашы” аттуу спектаклин тартуулайт.
Аталган театрдын жетекчиси Бахтияр Тухтаматов билдиргендей, чыгарманын өзөгүн Курманжан датканын тарыхы түзөт.
"Бул чыгарма 2007-жылы Тажикстанда өткөн эл аралык театр фестивалында баш байгени өңөрүп кайткан. Ошондой эле 2009-жылы Ташкентте өткөн фестивалда 2-орунду камсыз кылган",- деп кошумчалады театрдын жетекчиси.