Аялзатынын эң маанилүү аксессуары - сумка. Учурда соода жайларынан анын ар кандай материалдардан тигилген түрлөрүн сатып алууга болот. Андай болгону менен, эч бир айым табигый булгаарыдан тигилген сумкадан баш тарта албаса керек.
Бирок баарыбыз эле бир сумканын артында канча мээнет жатканын биле бербейбиз.
Өткөн аптада интернет айдыңына жарыяланган индонезиялык ишкер Вакиранын жыландын терисинен сумка даярдаганы көпчүлүктүн кызыгуусун арттырууда. Бул ишкер Индонезиянын Батыш Ява провинциясында жашайт. Өз аты - Вакира. Тааныштары аны Босс Кобра деп коюшат. Ал көп жылдан бери жылан багып, этин сатып, терисинен сумкаларды тигип, мода сүйүүчүлөрүнө тартуулап келет. Аябагандай эмгек жумшап тиккен сумкаларын болгону 15-30 доллардан өткөрөт экен.