Бишкекте бүгүн, 17-апрелде Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри
Валерий Диль Жылуулук электр борборунун ишмердүүлүгү менен таанышууда. ЖЭБдин иши менен таанышуу учурунда аталган борбор Бишкектин жүрөгү экенин айтып өттү.
"Акыркы 2 жылдын ичинде алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. ЖЭБ 1961-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин жарандарды жылуулук менен камсыз кылып келет. Бул жерде эмгектенген кызматкерлердин иши мактоого татыктуу. Жылуулук электр борборун Бишкектин жүрөгү десем болот",- деди Валерий Диль.