Валерий Диль жылуулук берүү сезонуна бүгүндөн баштап даярдык көрүү керектигин айтты 

Бишкекте бүгүн, 17-апрелде Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Валерий Диль Жылуулук электр борборунун ишмердүүлүгү менен таанышууда. ЖЭБдин иши менен таанышып чыгып, кызматкерлер менен кеңешме өткөрдү. 
Анын жүрүшүндө 2014-2015-жылкы жылуулук берүү сезонуна бүгүндөн баштап даярдык көрүү керектигин айтып өттү. Ошондой эле оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат алды. 
Мындан сырткары ЖЭБди жаңы жабдуулар менен камсыз кылууда кытайлык компания менен кызматташуунун жүрүшүн борбордун кызматкерлери менен талкуулап жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан