Депутаттар “администрациялык”, “административдик” жана “администраттык” деген сөздөрдүн туурасын таппай жатышат

Парламентте депутаттар “администрациялык”, “административдик” жана “администраттык” деген сөздөрдүн бирөөсүн гана колдонууну сунушташууда. Маселени сотторго байланыштуу мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Турсунбай Бакир уулу көтөрүп чыкты.

“Өткөн жыйында ушул сөздөр боюнча суроо жаралды эле. Бул боюнча 2000дей мыйзамды өзгөртүшүбүз керек экен. Мейли, эртерээк баштасак жетишебиз. "Берене" дегенди “статья” деп колдонуп жүрөбүз. "Судьяны" "казы" же "соттоочу" деп өзгөртөлү”,- деди Бакир уулу.

Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров Конституцияда ушундай жазылып калганын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан