2010-жылкы Ош окуясы боюнча кылмыштардын 5,1 пайызынын гана бети ачылды. Муну парламенттин 17-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Айтымында, аталган окуя боюнча 5647 кылмыш иши козголгон.
“Ош окуясы боюнча абдан көп иштер жасалып жатат. Жоопко тартыла тургандар жеңилдетилген жол менен документ алышып, өлкөдөн чыгып кетишкен. Бул нерсе тергөөгө тоскоолдук жаратты”,- деди башкы прокурор.