Бийлик саясий шылтоолорду айтып саясатчыларды куугунтуктоону токтотушу керек. Бул тууралуу бүгүн жаштар курултайында “Жаштар өкмөтү” кыймылынын лидери, экс-депутат Максат Кунакунов кыймылдын программасы менен тааныштырып жатып билдирди.
"Кыргызстанда жаштардын мындай биригүүсү биринчи ирет болуп жатат. Андыктан биздин биригип жатканыбыз чоң иш. Биз коомдо чоң күч болушубуз керек. Кыргызстанда бийлик саясий шылтоолорду айтып жаштарды куугунтуктап жатат. Бийлик куугунтуктоону токтотушу керек. Бир башты жок кылса, эки баш пайда болот, эки башты жок кылса, көп баш пайда болот",- деди Кунакунов.
Кыргызстанда бийлик партиясына же тегине карабай, иштейм деген жаштарды, таза адамдарды иштетүүгө тийиш деп кошумчалады.