Валерий Диль, вице-премьер-министр: "Бишкектеги Жылуулук электр борбору жаңы кубаттуулукка муктаж"

Бүгүн, 17-апрелде вице-премьер-министр Валерий Диль Бишкектеги Жылуулук электр борбору менен таанышып чыгып, андан соң мекеменин башкармалыгы менен кеңешме өткөрдү.

Анын жүрүшүндө кызматкерлер ишканада болгон көйгөйлөр менен бөлүшүп, аларды чечүүгө өз сунуштарын айтышты. Жыйынтыгында вице-премьер-министр ЖЭБ жаңы кубаттуулуктарга муктаж экенин баса белгиледи жана экинчи агрегатты куруу маселесин көтөрдү.
"2014-2015-жылдын кышкы сезонуна көмүр сатып алууга 45 миллион АКШ доллары керек. Сизден ушул маселе боюнча өкмөттүн деңгээлинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүңүздү суранар элек",- деп айтты Валерий Дилге "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын орун басары Аскаралы Кайбалиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан