Депутат Турсунбай Бакир уулу 16-апрелде "Парламент" радиосундагы түз байланышта Бишкекте өткөрүлгөн ТүркПАнын жыйыны боюнча маалымат берди. Анын билдиришинче, дүйнөдөгү түрк тилдүү элдердин орток тили түзүлөт.
"Дүйнө жүзүндө түрк тилдүү 50дөн ашык элдер бар. Алардын көпчүлүгү Орусиянын Сибирь, Кавказ аймактарында жашашат. Бирок башка мамлекеттин курамындагы түрк тилдүү элдердин маселеси саясий мүнөзгө ээ экенин эске алганда, ал боюнча орус бийлигинин дагы макулдугу менен эсептешүү керек. Бул гана эмес, Түндүк Кипр Республикасында да саясий талаш жагдайлар бар. Түркиянын экс-президенти Тургут Озал Кыргызстанга алгачкы иш сапары менен келген кезде “XXI кылым түрк элдеринин тили болот” деп айтканы эсимде",- дейт депутат.
ТүркПАнын жыйындарында орток түрк тилин түзүү демилгеси сунушталып, бирок аны бекемдеген чечим кабыл алына электиги айтылды.