Таласта экологияга зыян келтирилген фактылар катталып, протоколдор түзүлдү

КРнын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын  Талас облусу боюнча башкы башкармалыгы 2014-жылдын 16-апрелинде «Беш-Таш» мамлекеттик улуттук жаратылыш паркында атайын рейд жүргүздү.   

Анын жүрүшүндө Талас районунун Арашан айылынын тургуну Бактияр уулу Алибек 20 түп тянь-шань карагайы жана 4 түп арчаны казып, жеке менчик унаасына жүктөп келе жаткандыгы белгилүү болгон. Жаратылышка келтирген зыяны 18 311,04 сомду түзүп, бул иш боюнча башкармалык тарабынан протокол түзүлдү.

Ошондой эле аталган райондун Козучак айылынын тургуну Кубаныч Солпиев 37 даана амударья форели менен кармалган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында балыктар Беш-Таш суусунан кармалганы маалым болду. Келтирилген зыяндын көлөмү 18 685 сомду түздү. Бул факты боюнча да протокол түзүлүп, кармалган жарандардын үстүнөн административдик кароолор жүргүзүлөт. Муну бүгүн, 17-апрелде Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан