Жогорку Кеңеш Кыйноолорго каршы улуттук борбордун директорунун 2013-жыл үчүн баяндамасын эске алуу боюнча токтом кабыл алды

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеште Кыйноолорго каршы улуттук борбордун директорунун 2013-жыл үчүн баяндамасын эске алуу боюнча токтом кабыл алынды. Токтомго ылайык, Улуттук борбор Юстиция министрлиги менен биргеликте кыйноолордун алдын алуу максатында мыйзамдарга талдоо жүргүзүү, Жогорку Сотко күнөөкөрдөн кыйноонун негизинде алынган маалыматтарды далилдик база катары кабыл алынышына жол бербөө сыяктуу тапшырмалар берилди.

Аталган борбордун башчысы Бакыт Рысбековдун айтымында, Кыргызстанда 2013-жылы кыйноо колдонулганы тууралуу 265 кайрылуу катталган. Алардын ичинен 18 кайрылуу боюнча 18 кылмыш иши козголуп, 2 иш токтотулган, 10 иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн, 1 иш боюнча сот чечими чыкты. Ал эми 245 кайрылуу боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан