Жылнаама, 18-апрель: 18-Апрель – Тарыхый эстеликтер жана өрнөктүү жайлардын эл аралык күнү

*18-Апрель – Тарыхый эстеликтер жана өрнөктүү жайлардын эл аралык күнү. Бул күндү белгилөө чечими 1983-жылы эстеликтерди жана өрнөктүү жайларды коргоо боюнча Эл аралык кеңештин ассамблеясында кабыл алынган.

*1874-жылдын бул күнү Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы Кыргызстандын түштүгүндө козголоң башталган. Козголоңчулар Түркстан генерал-губернатору Кауфмандын мурдагы жардамчысы, кыргызча түшүнгөн Жоробек деген адамга кат менен кайрылышкан. Катта Кокон ханы Кудаярдын көрсөткөн залимдиги белгиленген.

*Мындан 108 жыл мурун АКШнын Сан-Франциско шаарында күчү 7,9 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен 3 миң адамдын өмүрү кыйылып, 300 миңге жакын адам үй-жайсыз калган. Шаардын 80 пайызы кыйроого учураган.

*Мындан 45 жыл мурун Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ош облусунун Кара-Суу районунда жарык дүйнөгө келген. Ал эмгек жолун Ош ОИИБинин инспектору болуудан баштаган. Ал эми 2007-жылы “Ак жол” партиясынын атынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2009-жылдын январь айында Ош шаарынын мэри болуп шайланып, 2013-жылдын 5-декабрында кызматтан алынган. 

Жылнаама толугу менен бул жакта...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан