Асылбек Жээнбеков: "Биз Бажы биримдигине өз кызыкчылыгыбызды эске алуу менен киргени жатабыз"

"Бажы биримдигине кирүүнүн жакшы жактары менен бирге, ийкемге келтирүү зарылдыгы жарала турган айрым бир тобокелдиктер да бар болгондуктан, биз бул биримдикке өз кызыкчылыгыбызды жана экономикабыздын өзгөчөлүгүн эске алуу менен кирүүгө ниеттенип жатабыз". Мындай пикирди Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 17-апрелде Санкт-Петербург шаарында өткөн "Евразиялык экономикалык келечек" Эл аралык форумунун экинчи жыйынында билдирди.

Жээнбеков 2013-жылдын декабрында Москва шаарында мамлекет башчыларынын деңгээлинде өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Кыргызстанга түйүндүү жана сезилерлик позиция жарыя айтылганын белгиледи. Бажы биримдигине кошулууга ниеттенген өлкөлөргө колдоо көрсөтүү механизмдерин түзүү, Кыргызстандын аймагында жумуш күчүн арбын талап кылуучу өндүрүштү түзүүгө көмөктөшүү сунушталууда. 

"Мындай чаралар Бажы бирлигине кошулуудагы кыйчалыш учурларды жумшартууга, миграция агымын басаңдатууга, өткөөл кезеңде бажы алымдарынын ченинин колдонулушу Бажы бирлигинин бирдиктүү бажы тарифтеринен айырмаланган Кыргызстанга зарыл товарлардын тизмегин аныктоого, ошондой эле лабораториялык тастыктоо жана техникалык жөнгө салуу талаптарына туура келе тургандай инфраструктураны түзүүгө мүмкүнчүлүк берет",- дейт төрага.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан