Жылуулук электр борборунда 618 тонна радиоактивдүү көмүр сакталып жатат

3 жыл мурун Казакстандагы "Кулан" көмүр кенинен алынып келинген радиоактивдүү көмүр Бишкектин Жылуулук электр борборунда сакталып жатат. Бул тууралуу 17-апрелде КРнын Вице-премьер-министри Валерий Дилдин ЖЭБ менен таанышуусунун жүрүшүндө ага мекеменин башчысы Андрей Воропаев билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан атайын сакталуучу жайда 618 тонна чуу жараткан радиоактивдүү көмүр сакталып жатат. "Биздин изилдөөбүздүн натыйжасында көмүрдүн радиациялык фону ден соолукка зыян келтирбеген көрсөткүчтөрдү көрсөттү. Аны башка кендин көмүрү менен аралаштырып иштетели десек, коомчулук ызы-чуу чыгарат деп кооптонуудабыз",- деди Воропаев.
"Аны иштетүүнүн алдында окумуштуулар менен кеңешүү зарыл. Албетте, бул маселени тез арада чечиш керек",- деди Валерий Диль.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан