Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 17-апрелде Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен телефондо сүйлөштү. Өкмөт башчылары эки өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгынын зарылдыгын белгилешти. Медведев Жоомарт Оторбаевди премьер-министрликке дайындалышы менен куттуктаганын билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.