Бишкектеги “Дордой” базарында металл контейнерде жайгашкан "Айыл Банктын" филиалынан өрт чыкты. Тилсиз жоодон кеңседеги 3 жылыткыч, 3 компьютер, 3 кресло жана 2 отургуч күйүп кеткен. Өрттүн чыгышына электр жабдыктарынын туура эмес жайгаштырылгандыгы себеп болгону такталды.