Чүй облусунун тургуну өз эрки менен эки мылтык жана ок-дарыларды тапшырды

Чүй облусунун тургуну өз эрки менен эки мылтык жана ок-дарыларды тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 17-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга Кемин районунун 40 жаштагы тургуну кайрылган. Ал өз үйүнүн жанынан эки мылтык жана ок-дарыларды таап алганын айткан. Иликтөөнүн жүрүшүндө бул мылтыктарды үй ээсинин жакын тууганы алып келип катып койгону белгилүү болду. Мылтыктар 2014-жылдын февраль айында уурдалган. Анда белгисиз адамдар үй ичине кирип, сейфти көтөрүп чыгып кетишкен. Сейфте эки мылтык огу менен катылган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан