Түштүк Кореядагы кырсыктан каза болгондордун саны 25ке жетти. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде чет элдик маалымат булактары жазышты.
Маалыматка караганда, куткаруучулар кемедеги 179 жүргүнчүнү гана куткарууга үлгүрүшкөн. Калгандарынын дайыны азырынча белгисиз болууда.
Айта кетсек, 16-апрель күнү Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрдү ташуучу кеме чөгүп кеткен. Анда жалпы 475 адам болгон. Алардын 325и - саякатка чыгышкан мектеп окуучулары, 14ү - мугалимдер, 111и - жүргүнчүлөр, 25и - экипаждын кызматкерлери. Кырсык жээктен 100 чакырым алыстыкта катталган. Анда кеме суу алдындагы тоо кыркаларын сүзүп алган. Мындан улам кеме чөгө баштаган. Буга коюу тумандын себеп болгону айтылууда.