Жаш ырчы Адилет Азимов "Жаңы толкун" сынагында Кыргызстандын намысын коргошу мүмкүн

"Бүгүн, 17-апрелде менин окуучум Адилет Азимов "Жаңы толкун-2014" Эл аралык музыкалык сынагынын жарым финалына Москва шаарына учуп кетти. Азыркы жаш ырчы жигиттердин арасында Адилет билимдүү, таланттуу, вокалдык үнү күчтүү. Бирок ийгилик, оомат мындай конкурстарда абдан керек. Албетте, насаатчысы, мугалими катары Адилетке ийгилик каалап узаттым",- деп билдирди обончу, ырчы Жамиля Муратова.

Адилет буга чейин да эл аралык сынактарга катышып, ийгилик жаратып келген. Айта кетсек, 2013-жылы Казакстанда өткөн «Менин Казакстаным» сынагына 4 казакча ыр ырдап, 1-орунду эңип, 750 000 (232 500 сом) теңгени чөнтөгүнө салып кайткан. Ошондой эле былтыр Ысык-Көлдө болгон "Мейкин Азия" Эл аралык сынагында 3-орунду ээлеген.

Бул сынакка Кыргызстандан "Style Mix" триосу жана Дастан аттуу жаш талант да жөнөп кеткендиги белгилүү болду. Шарт боюнча, жарым финалда катышуучулар автордук, дүйнөлүк жана өлкөсүндө хит болгон ырларды аткарышат. 

Белгилей кетсек, аталган сынакка Кыргызстандан Омар, Арсен, Айбек Замиров, Бек Исраилов жана Айбек Бакытбеков катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kuban_korumbaevich
2014-04-18 09:37:08
ийгилик
0
noeli
2014-04-18 09:38:59
алга Адилет!
0
kyrgyzstan_93
2014-04-18 10:23:41
Мирбек Атабеков барса болмок.
0
betman
2014-04-18 22:55:30
Ийгилик, бирок былтыркы барган жигиттей оозго келгенди оттобойт деген умуттобуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан