Баткен облусунун Зардалы айылында жарылуу болуп, эки өспүрүм каза тапты. Бул тууралуу Чек ара кызматы бүгүн, 18-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, жарылуу 17-апрель күнү Зардалы айылындагы “Коргон” чек ара заставасында болгон. Белгилүү болгондой, 4 жаштан 10 жашка чейинки 6 бала айыл четинде ойноп жүрүп жардыргыч зат таап алышкан. Этиятсыздыктан улам жарылуу болуп, 5 бала ар түрдүү жаракат алышкан. Ал эми бир бала окуя болгон жерде көз жумган. Дагы бири ооруканада каза болгон.
Зардалы айылы 2000 метр бийиктикте жайгашкандыктан жана Кара-Белек өтмөгү жабык болгондуктан, чек арачылар менен жашоочулар жаракат алгандарды ооруканага жөө алып келишкен. Жопай айылында медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин балдар облустук ооруканага жеткирилишкен. Дарыгерлердин айтымында, жаракат алган балдардын абалы туруктуу.
Мамлекеттик чек ара кызматы облус жетекчилигине жана күч түзүмдөрүнө окуя боюнча маалымдаган.
Азыркы тапта Зардалыда 20 үй бүлө, 60ка чукул адам жашайт. Башталгыч мектепте 1-класстан 4-класска чейин 25 бала билим алат.