Жалал-Абад – Көк-Жаңгак унаа жолунун боюндагы арыкты жаан-чачындардын суулары жууп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кырдаал Октябрь айылынын Көк-Жаңгак шаарын көздөй бара жаткан жолдо орун алган. Анда арыктын 100-120 метрдей аралыгы жуулуп, айрым жерлеринде 1 метрге чейин чуңкурчалар пайда болгон.