Дастан Бекешев Жогорку Кеңешке экскурсияга келгендер боюнча жобону кабыл алууга каршы чыгууда

Парламент депутаты Дастан Бекешев Жогорку Кеңешке экскурсияга келгендер боюнча жобону кабыл алууга каршы чыгууда. Анын билдиришинче, сунушталып жаткан жобо студенттердин, окуучулардын парламенттин иши менен таанышып чыгуусуна чек коёт. 

“Мурда бул долбоорго өз сунуштарымды айткам, бирок аларга көңүл бурулбай калыптыр. Жобо кабыл алынса, коомчулук Жогорку Кеңеште ачыктык жоголгону үчүн кайрадан айыптайт. Жогорку Кеңештин аппаратынын жана иш башкармалыгынын колдоосу менен жарандар үчүн 40тай экскурсия уюштурдум, анын ичинде чет өлкөлүктөр дагы бар. Бул долбоорду кабыл албашыңарды жана кайра иштеп чыгууга жиберишиңерди суранам”,- деп кайрылат Орусияда иш сапары менен жүргөн депутат.

Айта кетсек, аталган жобонун долбоору 17-апрелде добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан