Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы санаторийлердин бирине караштуу 500 чарчы метр аянттагы чычырканак, камыш жана кара жыгач күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Аталган кырсык тууралуу маалымат 17-апрель күнү саат 08:38де түшүп, 11:00дө өрт толугу менен өчүрүлүп бүткөн. Кырсыктан жабыр тарткандар катталган жок. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.