Зардалыдагы жарылуудан жабыркаган балдардын экөөсүнүн абалы оор, экөөсүнүн абалы орто. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Сүйүн Убаев бүгүн, 18-апрелде билдирди.
“Кечээ, 17-апрель күнү саат 18:00 чамасында 6 жаш бала 1999-жылкы Баткен согушунан калган гранатаны таап алышкан. Аны менен ойноп жатышканда ал жарылып кеткен. Балдардын бири ошол жерден каза болгон. Бири жолдон көз жумду. Алар: 6 жаштагы Нойгутбек Абылмажинов жана 7 жаштагы Бекболот Бусурманкул уулу”,- деди Сүйүн Убаев.
Айта кетсек, 1999-жылкы Баткен согушунда Зардалы айылы 45 күн согушчандардын курчоосунда болгон.