Эртең, 19-апрелде Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөлөрүнүн жана Ала-Арча суусунун аралыгында ишембилик өткөрүлөт. Бишкек шаардык кеңеши шаар тургундарын бул ишембиликке чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде шаардык кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.
“Акыркы 20 жыл аралыгында борбор калаабызда бактар кыйылып, сейил бактар кыйрады. Келиңиздер, баарыбыз биригип, шаардын таза болуусун шарттайбыз” деп жазылат маалыматта.