Кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн эмгектери Германиядагы көргөзмөгө коюлду

Кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн эмгектери 16-апрелде Германиянын Хемниц шаарында өткөн “Маданият жана тынчтык кербени. Жашоонун символу” аттуу көргөзмөгө коюлду.

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, көргөзмө Саксония федералдык жергесиндеги ажайып “Клаффенбах” сепилинде өткөн. Ага 6 мамлекеттин сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлган. Кыргызстандын атынан Европа ассоциациясынын зергердик искусствосунун мүчөсү, Маданияттын эмгек сиңирген ишмери жана Эл сүрөтчүсү Виктор Сырневдин жана белгилүү сүрөтчү, Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинин жетекчиси Юристанбек Шыгаевдин эмгектери көрүүчүлөргө тартууланган. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mikinookat
2014-04-18 11:02:21
Жаш суротчу Садык Мурзахановдун суротторун да сайтка илип койунуздарчы СУПЕРЧИЛЕР!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан