Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылында жарылган зат жергиликтүү тургун Сангимов Махаматтын чөпканасынан табылган. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 2014-жылдын 17-апрели күнү саат 19:25те КРнын чек ара кызматынын №2022-аскер бөлүгүнүн ыкчам кезметчиси тарабынан КР ӨКМнын 3-издөө-куткаруу отрядынын ыкчам кезметчисине белгисиз зат жарылгандыгы тууралуу маалымат берилген.
Эске салсак, жарылуу 17-апрель күнү Зардалы айылындагы “Коргон” чек ара заставасында болгон. Белгилүү болгондой, 4 жаштан 10 жашка чейинки 6 бала айыл четинде ойноп жүрүп жардыргыч зат таап алышкан. Этиятсыздыктан улам жарылуу болуп, 5 бала ар түрдүү жаракат алышкан. Ал эми бир бала окуя болгон жерде көз жумган. Дагы бири ооруканада каза болгон.
Алар Баткен согушунан калган гранатаны таап, ойноп жатып жардырып алышкан. Учурда экөөнүн абалы оор.