Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин жолугушту. Жолугушуу кечээ, 17-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы КМШ ПАА, ЖККУ ПА, ЕврАзЭШ ПАА жыйындарынын алкагында Орусия Федерациясынын Федералдык жыйынында болду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Сергей Нарышкин Орусия тарап достук мамиледеги өлкөлөрдөгү болуп жаткан окуяларга кызыгуу менен байкоо салып турарын жана Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө көңүл бөлөрүн белгиледи.
Төрага Асылбек Жээнбеков бардык деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуулар, анын ичинде парламенттик линия боюнча дагы жолугушуулар актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсүн чечүүчү жогорку динамикага жана ишенимдүү мүнөзгө ээ экенин билдирди.
Жолугушууда тараптар экономика, соода, маданий-гуманитардык кызматташуу жаатындагы эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу келечегин талкуулашты. Иштелип чыккан жол картасына ылайык алкакта Кыргыз Республикасынын Бажы бирлигине кошулуу процессине токтолушту.