Бүгүн, 18-апрелде “Супер-Инфо” гезитинин жана SUPER.KG порталынын эмгек жамааты ырчылар менен биргеликте "Достук багында” ишембилик өткөрүшөт. Ишембиликтин алкагында көчөттөр сугарылып, бактын айлана-тегереги тазаланмакчы.
Белгилей кетсек, "Достук багы" SUPER.KG порталынын колдонуучуларынын жана "Супер-Инфо” гезитинин окурмандарынын демилгеси менен мындан үч жыл мурун түзүлгөн. Ал баш калаадагы “Ататүрк” сейил багында орун алган. Анда 90 түп түрдүү бак-дарактардын көчөттөрү отургузулган.