Зардалыдагы жарылуудан жаракат алган балдарга Оштон атайын дарыгерлердин тобу менен "Тез жардам" кызматы жөнөп кетти

Баткен облусунун Зардалы айылындагы жардыруудан жабыр тарткан балдар үчүн Ош облусунан тиешелүү дарыгерлер тобу менен атайын реанимациялык "Тез жардам" унаасы жөнөп кетти. Учурда Баткен облусунда жаткырылган 4 өспүрүмдүн экөөсүнүн абалы оор. Балдарды Ошко же Бишкекке которуу да каралары маалымдалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, жарылуу 17-апрель күнү Зардалы айылындагы “Коргон” чек ара заставасында болгон. Белгилүү болгондой, 4 жаштан 10 жашка чейинки 6 бала айыл четинде ойноп жүрүп жардыргыч зат таап алышкан. Этиятсыздыктан улам жарылуу болуп, 5 бала ар түрдүү жаракат алышкан. Ал эми бир бала окуя болгон жерде көз жумган. Дагы бири ооруканада каза болгон.

Алар Баткен согушунан калган гранатаны таап, ойноп жатып жардырып алышкан. Учурда экөөнүн абалы оор.

   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aisuluu7
2014-04-18 10:33:30
Жакшылап аракет кылып аман алып калгыла эми. Ушундайларды окусам эле журогум ооруйт.. ээхх Кудайым колдосун!!!
+2
Dadasdasd
2014-04-18 10:34:39
толугураак жазгылачы. эмне болгон жардыруу же жарылуубу?
0
ilek-ilek88
2014-04-18 10:53:28
машина менен жонот кетти дейби эмне мчс де аба учагы жокбу алар баргыча байкуш балдар айабай кыйналатко тезиреек баргыла
+1
Altyn1980
2014-04-18 11:30:58
Тооба кылдым эх жаш балдар бул гранаталар бизден калган гранаталар болсо керек каза болгон жана жаракат алган балдардын ата энелеринен кечирим сураймын 1999 жылда ошол жерде биз болгонбуз ошол жерде бизда озубуздун жаш жокерлерибиз коз жумган
0
peri...97
2014-04-18 13:47:17
Алар жеткиче качан Эми,эртереек анан тынч жетип барышсын,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан