Зардалыдагы жарылуунун себептерин аныктоо үчүн Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү жана атайын иликтөө тобу жөнөп кетти. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 18-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен чек ара отрядынын "Коргон" чек ара заставасынын чек арачылары ыкчам иликтөө тобу келгиче, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында жарылуу болгон жерди курчоого алып турат.
Эске салсак, 17-апрелде саат 18:00дө Зардалы айылында белгисиз зат жарылып, анын айынан эки өспүрүм көз жумуп, төртөө Баткен облустук ооруканасына жеткирилген.