Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Зардалы айылындагы жарылууга байланыштуу Баткен облустук ооруканасында болуп, кырсыктан жаракат алган балдардын абалы менен таанышканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маматалиев дарыгерлер жана балдардын ата-энелери менен сүйлөштү.
Баткен облустук ооруканасынын башчысы Тургунбай Айжигитов жаракат алган балдарга бардык жардамдар көрсөтүлгөнүн билдирди.