Бүгүн, 18-апрелде вице-премьер-министр Эльвира Сариева иш сапары менен Нарын облусунда болот. Анда вице-премьер Кочкор районунун аймактык ооруканасы жана Ак-Жар айылындагы орто мектеп менен таанышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Вице-премьер-министр Нарын шаарында аймакты социалдык жактан өнүктүрүү маселеси боюнча жыйын өткөрөт. Андан сырткары Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драма театрдын жамааты менен жолугушуп, жаштар маселеси боюнча талкуу өткөрөт.