Бишкекте айдоочу 16 жашар кызды сүзүп алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 18-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 17-апрель күнү саат 14:00 чамасында Чүй проспектинде жол кырсыгы катталган. Анда 27 жаштагы айдоочу 16 жашар кызды сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Учурда унаа айып жайга токтотулуп, топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.