Бишкектин Октябрь райондук администрациясы балдарды Жаңы жылы менен куттуктады

27-декабрда Бишкектин Октябрь райондук администрациясы райондо жашаган миңдей баланы Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Майрамдык кече баш калаадагы Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында орун алып, аталган райондун жетекчилиги, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ата-энесиз балдар, Чернобыль кырсыгынын жана Ооган согушунун ардагерлеринин балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катышышты. Балдардын маанайын көтөрүүгө "Таберик" ансамбли даярдаган спектакль көрсөтүлдү. Маалыматка ылайык, бул иш-чарага жергиликтүү бюджеттен 70 миң сом бөлүнгөн.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан