Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен Айыл чарба жана мелиорация министрлиги акциясынын 98,9 пайызы мамлекеттик "Кыргыз тамекиси" корпорациясын ушул калыбында калтыруу сунушун берген. Бул тууралуу КСДП парламенттик фракциясынын 18-апрелдеги жыйынында экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.
"Кыргыз тамекиси" корпорациясы 1996-жылы түзүлүп, табигый монополияга ээ ишкана болуп саналгандыгына карабай экономикалык жактан өнүгүү көрсөткүчтөрү өтө төмөн болгондуктан, анын ишин оптималдаштыруу же жоюу сунушу берилгени айтылды. Ишкана 2012-жылы 92 миң сом киреше менен чыгып, 9,6 миң сом киреше салыгын, 200 миң сом дивиденд төлөгөн.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Айбек Осмоналиев мекеме алдында түзүлгөн атайын комиссия бардык мамлекеттик мүлккө инвентаризация жүргүзүп жатканын билдирди. "Комиссиянын курамында парламенттин беш фракциясынын өкүлү да кирген. Көп ишканалар эбак эле жабылып калганына карабастан, каттоодон чыгарылбай жүрүптүр. Алар четинен ыраатташтырыла баштады. Азыр "Кыргыз тамекиси" корпорациясын өнүктүрүү жолдору иликтенип жатат",- дейт ал.
Талкуу жыйынтыгында өкмөткө "Кыргыз тамекиси" корпорациясынын ишин бир айлык мөөнөт ичинде оптималдаштыруу чараларын көрүү тапшырмасы берилди.