Ак-Сайда өрттөлгөн 13 үй боюнча кылмыш иши козголду

Ак-Сайда өрттөлгөн 13 үй боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 18-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, учурда ал жакта эки тараптуу комиссия иштеп жатат.

Эске салсак, үйлөрдүн өрттөлгөнү боюнча маалымат 15-апрелде белгилүү болгон. 16-апрель күнү ал жакка эки тараптан өкүлдөр барышып, үйлөрдү жеринен көрүп келишкен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Үйлөр качан өрттөлгөнү белгисиз.

Айта кетсек, өрттөлгөн үйлөр Баткен районунун Тажикстан менен чектеш жайгашкан Ак-Сай айыл аймагына караштуу жайлоодо орун алган. Ал жакка жергиликтүү тургундар жайында гана барышчу. Алардын айтымында, муну тажик жарандары кылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
uluk1982
2014-04-18 12:46:43
"Ак-Сайда өрттөлгөн 13 үй боюнча кылмыш иши козголду" кимге!!! Тажиктер атканда да эчнерсе кылган эмессинер!!!!
+3
admin_superstan
2014-04-18 13:33:15
Ch.i.k.a, Manasasman, провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынган. Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү.
Manasasman, башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынган!
3 күн БАН!
-2
Turtkuch
2014-04-18 14:29:23
Биздин бийлик элдин конулун алагды кылуу учун бир нерселерди жасамыш болот, туура эмес болуптур, балдарын кылмыш кылыптыр, кана ордуна кой деп тажик менен озбектерге айтууга бийликтин духу жетпейт, кучу жеткени карапайым эл, оппозиция...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан