Токмок шаарынын 4 тургуну талап-тоноочулукка шектелип кармалды
Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБинин
кызматкерлери тарабынан талап-тоноочулукка шектелип өспүрүмдөр
кармалышты.
Белгилүү болгондой, 40 жаштагы Диллафруз аттуу айым анын
1998-жылы туулган Руслан аттуу уулунун "Нокиа" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун 16-18
жаштардагы белгисиз адамдар күч колдонуп тартып алышканы тууралуу билдирген.
Укук коргоо кызматкерлеринин иш-аракеттеринин натыйжасында аталган кылмышка
шектүү катары Токмок шаарынын 1997-жылы туулган Д.Д., 1999-жылы туулган Л.И.
жана 2000-жылы туулушкан А.Ш., М.А. аттуу тургундары кармалышты. Бул
тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-апрелде билдирди.
Камаш керек ошондо королу алажакы коро клетка булар
0
Feijipiao
2014-04-18 12:56:57
Жапжаш туруп уурулук тоноо болсо.Ата-энелери каякты карап олтурат экен деймда,балдарына козомол кылбайбы.
0
Dadin
2014-04-18 13:04:15
Ата-энелери Россия,Казахстанда,балдарга конул бурулбай тарбия жок,кылмыштуулук осуп жататко кундон кунго..Жашоо ушундай темп менен кете берсе, эртенки куну 8-9 жашар балдар кылмышкер болуп калышабы эми..
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.