Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына Марат Аманкулов көрсөтүлүүдө
Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына көпчүлүк коалициянын атынан Марат Аманкулов көрсөтүлүүдө. Маалым болгондой, шаардык кеңештин жаңы регламентине ылайык, төрагалыкка көпчүлүк коалиция гана талапкер жылдыра алат. Айта кетсек, Марат Аманкулов шаардык кеңешке КСДПнын атынан депутат болуп шайланган. Ал эми көпчүлүк коалицияны КСДП, "Ата Мекен" жана "Замандаш-Современник" партиялары түзүштү.