Бүгүн, 18-апрелде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун "Ачин" токой-өнөр жай чарбасынын 10 гектар аймагында 7 миң грек жаңгагынын көчөтү отургузулат. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде КРнын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул иш-чара Глобалдык экологиялык фондунун каржылоосу менен БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун долбоору астында жүргүзүлүп жатат. Иш-чараны "Ачин" токой-өнөр жай чарбасынын кызматкерлери жергиликтүү калктын катышуусу астында ишке ашырат. “Жакынкы аралыкта жергиликтүү тургундардын жаңгактарды чогултуп, сатуу мүмкүнчүлүгү пайда болот” деп жазылат маалыматта.