Баткен облустук ооруканасынын башчысы: "Жардыруудан жаракат алган балдардын өмүрү коркунучта"

Баткендин Зардалы айылындагы жардыруудан жаракат алган балдардын өмүрү коркунучта. Муну бүгүн, 18-апрелде SUPER.KG порталына Баткен облустук ооруканасынын башчысы Тургунбай Айжигитов билдирди. Дарыгердин билдиришинче, жеңилирээк жаракат алган 2 балага операция жасалды.
"Эки баланын абалы оор, аларга операция жасоо үчүн Оштон врачтар келе жатышат. Биз өзүбүз эле жасай берели десек, макул болбой жатышат",- деп билдирди Айжигитов.  
"Балдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнбү?" деген сурообузга дарыгер "аракет кылып жатабыз, бирок өмүрлөрүнө коркунуч бар" деп жооп берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан