"Ысык-Атада ишкерди өлтүрүп, денесин өрттөп салган" деп шектелип таксист кармалды

Ысык-Ата районунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылдын 17-декабрында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жаран кайрылган. Анда Таалай Карымшаков 15-декабрь күнү саат 04:00дө үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экендиги айтылып, бул боюнча издөө башталган.

2014-жылдын 18-мартында Ысык-Ата районунун Талды-Булак айылында адамдын жансыз денеси табылган. Бирок денени өрттөп салышкандыктан, таанууга мүмкүн болгон эмес. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган. Анын натыйжасында 17-апрель күнү аталган кылмышка шектелип "Ош базарында" таксист болуп иштеген Нурлан Токтоноев кармалган. Анын айтымында, 15-декабрь күнү эртең менен таанышы экөө "Ош базарында" эт сатып иштеген Таалай Карымшаковду тоноп, жанындагы 200 миң сом акчасын алышкан. Андан кийин аны өлтүрүшүп, Талды-Булактагы ээн жерде жансыз денени өрттөп салышкан. Учурда кылмышка шектүүнүн экинчисин кармоо иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dadin
2014-04-18 13:00:23
Озулорун да тируулой орттош керек!!!
+1
tolkun85
2014-04-18 14:11:21
блиин олтургону аз келгенсин орттоп салышканын кара.адамдан откон жырткыч жок екен озу
+1
Turtkuch
2014-04-18 14:26:02
Мыйзамдуу катуулатмайынча, коррупция жоюлмайынча булар улана берет, 50 жылга сот окум чыгарса да 3 жылдан кийин бошотуп жиберишет акчаны чонтогуно солоп бийлик, сот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан