Бишкектеги унаалар "көрүстөнү" (фоторепортаж)

Бишкек шаардык Жол-кайгуул кызматына бир сутка ичинде 40тан ашуун жол кырсыгы тууралуу чакыруу түшөт. Анын ичинен жаракат алган адамдар боюнча 5-6 факты болсо, 7-8и материалдык чыгым менен коштолот. Мындан сырткары айдоочулар өздөрү ич ара чечишип алган учурлар, жалган чакыруулар да катталат. Ошондой эле өлүм менен аяктаган жол кырсыктары да кездешет. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде SUPER.KG порталына Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы, милициянын майору Тилек Оторов билдирди.

Бишкек боюнча 2012-жылга караганда 2013-жылы жол кырсыгы көп катталды. 2013-жыл 1-кварталында 654 жол кырсыгы катталган, 27 адам каза болуп, 811и ар кандай деңгээлде жаракат алган. 

Ал эми 2014-жылдын биринчи кварталынын ичинде 653 жол кырсыгы катталып, 23 адам көз жумса, 701 адам ар кандай жаракаттарды алган. 

Анын айтымында, жаан-чачын болгон учурда, кышында жол кырсыктарынын саны кескин өсөт. Бир учурда нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу 10дон ашык чакыруу түшүп калат. Ойноп, тамашалап чалгандар да бар. 

"Айрым унаалардын ичинде кимдир бирөө каза тапкан болсо, туугандары алып кетпей да коёт. Ал унаалар кээде 3 жылга чейин айып төлөөчү жайда тура берет. 3 жылдан кийин соттун чечими менен алар сатылып, андан түшкөн каражат шаардык Жол-кайгуул кызматынын казынасына түшөт",- деп кошумчалайт Тилек Оторов.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Turtkuch
2014-04-18 15:09:03
Ош-Жалалабатта болгондо буларды касаптар талап кетмек, эч нерсеге жарабаган болуктору эле калбаса, аларды да металлалом деп кытайларга сатып жиберишет...
+3
Kara_kyrgyz
2014-04-18 15:21:28
Turtkuch, Бишкекте деле болсо керек касаптар, а так Ошто болгондо ххх жыргашмак кайра озубузго запчасть кылып сатып
+2
Turtkuch
2014-04-18 15:22:45
Kara_kyrgyz, таап айттын да...:)
0
admin_superstan
2014-04-18 16:10:39
Kara_kyrgyz, башкалардын улутун кемсинтүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
-3
Turtkuch
2014-04-18 15:17:52
1-ден олкодо машине ото кобойду, техникалык коопсуздук эрежелерине туура келбеген машинелер ото коп
2-ден Кыргызстандын любой облусунан акчага окубай эле айдоочу куболугун сатып алса болот, мындайча айтканда ГАИшниктер оздору бизди кылмышка туртуудо
3-дон машинен менен бироолорду койдуруп кетип олтуруп алсан да штраф, тиги тарапка бираз акча беруу менен кутулуп кетесин тааныш-билишин кучтуу, чонток толо акча болсо.
Буларды алдын алуу, жою бийликтин милдети, туура саясат ийгилик
+1
admin_superstan
2014-04-18 17:11:29
mairam_80, кабарда 2013- жана 2014-жылдардын 1-кварталдары салыштырылып жатат.
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
mikeno
2014-04-18 22:44:50
Кобу сол рулдуу машинелер го. Кырсык каш-кабактын ортосунда да. Жолдорго реагент, кумдар себилбесе. Донгологу тазтын башындай болсо албетте коп авария болот да. Жаны айдап жургондор кышкы донголок эмне экенин деле билишпейт
+1
arxinur
2014-04-19 09:31:32
бул жерде турган автоунаалар, жол эрежесин бузуу менен катталган кырсык ж.б. байланыштуу келип калгандар.Аны сот ж.б. териштируулор буткончо бербейт.Сот буткондо келсен кунуно "мынча сом" деп сенин автоунаадан кымбат акча айтышат ошол себептуу калып кеткен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан